• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кадамжайда наркы 800 миң сомдон ашык болгон аткезчилик жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Кадамжайда наркы 800 миң сомдон ашык болгон аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылында Mersedes Benz Actros үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы наркы 838 миң 125 сом болгон 24 883 кг керамикалык плиткалар (кафель) табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий