• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда окуучулар бычакташып, үч бала жараат алды

Аймак 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Кадамжайда А.Шамурзаев атындагы орто мектепте ар башка айылдардан келип окуган окуучулардын ортосунда жаңжал чыгып, үч бала жараат алды. Бул тууралуу Баткен облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, чыр 21-март күнү 23:00 чамасында Бирлик айыл өкмөтүндө болгон.

Сур жана Кыргыз Кыштак айылынын тургундарынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, өспүрүмдөр мушташып, бычак колдонууга чейин барышкан.

Анын натыйжасында 16 жана 17 жаштагы үч бала жараат алып, ооруканасына түшүшкөн.

Өспүрүмдөрдүн абалы канааттандыраарлык.

Бул факт Кадамжай райондук милициясында катталып, сотко чейинки кылмыш иши тергөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий