• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө бир катар кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Кадамжайда өткөрүлгөн рейддик иш-чарада бир катар кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагында 22-23-24-ноябрь күндөрү «Разбойник-грабитель», «Арсенал», «Экстремист» аталыштагы шарттуу иш-чаралар өткөрүлгөн.

Анын жүрүшүндө Кадамжай райондук милиция кызматкерлери мобилдик топторго бөлүнүп, аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле жарылгыч заттарды сактаган мекемелер, курал-жарак саткан дүкөндөр, курал-жарагы каттоодо турган жарандар куралдарды сактоо эрежелери, мөөнөтү туура сакталгандыгы боюнча бир катар текшерүүлөр болду.

"Район аймагынан жалпысынан 15 жаран ок атуучу куралды сактоо, кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн КР Бузуулар кодексинин 84-беренеси менен 13 жаранга эскертүү берилип, 85-беренеси менен 2 адамга протокол түзүлүп, 2 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында Майдан айыл аймагынын 52 жаштагы тургуну мыйзамсыз сактап жүргөн сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мал уурулук боюнча төрт, тоноочулук боюнча бир, опузалап талап кылуу бир жана уурулук фактысы боюнча бир кылмыштын бети ачылды. Мындан тышкары, адам уурдоо фактысы менен издөөдө жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Мурда оор жана өтө оор кылмыштар менен соттолуп, азыркы учурда каттоодо турган 45 жаран менен алдын алуу иштерди жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий