• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжайда секелек кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендердин сүрөтү жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Баткен милициясынын маалыматына ылайык, 4-сентябрда саат 15:25тер чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган. Окуя болгон жерди кароо учурунда кыздын колу артка жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү байкалган.

Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25 жаштагы М.Ш., 27 жаштагы Г.Д. жана 24 жаштагы А.у.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Иш Баткен облустук милициясынын жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий