• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайда сел коркунучун жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айыл аймагындагы Алга участкасында сел коркунучун жоюу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, натыйжада сел жүрүүчү сайдын 1000 метр аралыгында механикалык тазалоо жумуштары аткарылат. Ал үчүн аталган объектке ӨКМден 1 экскаватор тартылган.

Сел жүрүүчү сай иретке келтирилип, тазалоо жумуштары жыйынтыкталса, аймакта 25 турак үй, 3 гектар огород сел келүү коркунучунан корголот.

Пикир

Оставить комментарий