• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайда сел жүрдү – видео

Кырсык 0


Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Кадамжайда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда саат 13:30 чамасында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Южная көчөсүндө жайгашкан "Солнышко" бала бакчасынын жана лицейдин, ошондой эле Орозбеков көчөсүндөгү РИИБдин имаратынын жертөлөсүн жана Звездная көчөсүндө жайгашкан Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн участкасын каптаган.

Жерине мотопомпа менен 11 куткаруучу тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий