• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжайда соодаргерлерди алдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районундагы “Баяман-Баатыр” базарындагы сатуучуларды алдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран Жалал-Абад шаарынан кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун 49 жаштагы Т.Г. аттуу тургунуна базарда соода кылган сатуучуларды алдап, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип келген деген күнөө коюлууда.

Тагыраак айтканда, анын үстүнөн 12 арыз келип түшүп, арыздануучуларга жалпысынан 310 миң сом зыян келтирилген. Тергөө иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлүп, шектүү сот жообуна тартылуудан качып, үч айдан бери издөөдө жүргөн.

Азыркы кезде кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий