• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда сууга чөгүп кеткен 8 жашар бала эки күндөн бери изделүүдө

Аймак 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына түшүп кетен 8 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кара-Жыгач айылында Исфайрам дарыясына жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 3-апрель күнү келип түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден жалпы 52 куткаруучу (КР ӨКМнин Кадамжай райондук №75 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 8 куткаруучу, №76 ӨКБдан 9, №107 ӨКБдан 6, №77 ӨКБдан 4, Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 12, №3 ӨИКОнан 8 куткаруучу жана РӨКОдон 5 суучул)

Дароо кырсык болгон жерге куткаруучулар жана жана жергиликтүү тургундар тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес.

Издөө иштери 5-апрель күнү дагы улантылды.

Пикир

Оставить комментарий