• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда түнү көчөдө жүргөн 48 өспүрүм кармалды. Райондо “Селсаяк” рейди жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кадамжай районунун аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлдү, - деп билдирет облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө кароосуз калган имараттар, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрү, чатырлары текшерилди. Ошондой эле район аймагындагы мектеп окуучуларына спорттук оюндар уюштурулду. Мектеп мугалимдери, окуучулар менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жолугушууларды, жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, иш-чаранын жыйынтыгында Кадамжай район аймагында селсаяк жаш өспүрүм аныкталган жок.

"Түнү өз алдынча жүргөн 48 жаш өспүрүм кармалып, ата-энелерине тапшырылып, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Мындан сырткары, тийиштүү мекеме-ишканаларга жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 71 сунуш жөнөтүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана балдар боюнча социалдык өнүгүү башкармалыгына 16 метериал жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий