• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжайда төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Бегимай изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Кадамжайда төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Бегимай изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы туулган Бегимай Кенжебаева 2021-жылдын 11-июнунда болжол менен саат 06:30да Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Бул факты Кадамжай райондук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилери: бою 160-155 см, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштөгү.

Бегимайдын жүргөн жерин билгендер болсо, анда төмөндөгү телефондорго чалып койсоңуздар болот: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16.

Пикир

Оставить комментарий