• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда “Тико” үлгүсүндөгү унааны айдай качкан шектүү кармалды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда “Тико” үлгүсүндөгү унааны айдай качкан шектүү кармалды.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Халмион айылынын 41 жаштагы тургуну өзүнүн айдап жүргөн “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасын “Баяман-Баатыр” базарына токтотуп койгон жеринен уурдатып жибергендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (“Автотранспорт каражаттарын айдай качуу”) менен катталып, тергөө иштери башталган.

Унаа Ирелеш айылынын 41 жаштагы К.Э. аттуу тургунунун үйүндө токтотулуп турганы аныкталып, ал кармалган.

Азыркы күндө “Дэу-Тико” автоунаасы өз ээсине кайтарылып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий