• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда “Укук тартип” жана “Камкордук” аталышындагы иш-чара өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрда Кадамжай районунун аймагында “Укук тартип” жана “Камкордук” аталышындагы иш-чара башталып, райондук милициянын өздүк курамы мобилдик топторго бөлүнүп, түнкү жана күндүзгү рейддерди уюштурду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жогорудагы иш-чаралардын алкагында район аймагындагы жарандарга жолдо жүрүү эрежелери, коомдук жайларда укук бузууларды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектептерде окуучулар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында маектешүүлөр жүрдү.

Бир күндүк “Укук тартип” жана “Камкордук” иш-чарасынын жыйынтыгында эки мас айдоочу кармалып, 18 айдоочуга Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.

Ал эми паспорттук режим боюнча жалпысынан 660 кожолукту камтыган 330 атуул текшерилип, курулушу бүтпөй калган тогуз имараттын чатырлары, жер төлөөлөрү толук текшерилип чыкты.

Бузуулар жөнүндө кодексинин 81-беренеси менен беш атуулга, 53-беренеси боюнча сегиз атуулга айыппулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий