• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай колдоо көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.01.21 /Кабар/. Кадамжайда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылында атасы жок 8 кыз-уланга аталган райондун баш имам хатиби Иброхим Хайиткуловдун демилгеси менен 6 миң сомдон берилди.

“Муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү, жакырларга жумшак болуу сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таалим-тарбия багытында да таасири бар. Колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин дагы да уланта бермекчибиз”, - дейт Иброхим Хайиткулов.

Пикир

Оставить комментарий