• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги Орозбеков айыл аймагынын Охна айылында мектеп окуучуларынын коопсуздугун алдын алуу боюнча жыйналыш өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматыбилдирет.

Маалыматка ылайык, жыйналышка жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары, мугалимдер, ата-энелер катышты.

"Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алууда кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузуулардын алдын алуу боюнча талкуулар болду. Жыл башынан бери бул айылда жаш өспүрүмдөр арасында 3 факты майда бейбаштык катталып, тиешелүү жаза чаралары колдонулган", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын аягында жаш өспүрүмдөрдү кышкы мезгилде саат 22:00дөн кийин өз алдынча көчөгө чыкпоосу, топтолуп мушташуунун алдын алуу боюнча тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилген токтомдор кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий