• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжайда жеңил унаа сууга түшүп, бир аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/.Кадамжайда жеңил унаа сууга түшүп, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баткен облусунун Кадамжай районундагы Гүлдүрөмө айылында Нургазиев атындагы каналга Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1977-жылы туулган К.Т. аттуу аял киши каза болгон.

Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун сөөгүн жергиликтүү тургундар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий