• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжайда жол кырсыгын алдын алуу жана тазалыкты сактоо боюнча акция өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгын алдын алуу жана тазалыкты сактоо боюнча акция өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын демилгеси менен Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында жаш өспүрүмдөрдүн жол коопсуздугун алдын алуу максатында мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы-Жер айылынын дин кызматкерлери менен биргеликте жол кырсыктарын алдын алуу жана “Тазалык ыйман” аталышында акция өткөрүлдү. Акциянын жүрүшүндө айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо, ошондой эле унаа башкарган учурда унаа жолдоруна ар түрдүү таштандыларды таштабоо боюнча түшүндүрүү үгүт-насаат иштерин өткөрүлдү.

Жол боюндагы мектептердин алдына жол белгилерин, жол көрсөтмөлөрүн текшерип чыгып, жетишпеген жерлерге аларды коюу сунуштары берилди.

Пикир

Оставить комментарий