• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайда жол кырсыгына кабылган аскер кызматкерлеринин жетөөсүнүн абалы оор

Аймак 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кадамжай районундагы жол кырсыгынын жыйынтыгында 28 аскер кызматкери ар түрдүү жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда 7 аскер кызматкери Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, алардын абалдары оор. Жабыркагандардын бирине врачтар операция жасашты. Калган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

“Аскер кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан санавиация линиясы боюнча врачтар жөнөтүлдү (нейрохирург, реаниматолог, уролог, травматолог). Жабыркагандарга зарыл медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат, медициналык дары-дармектер менен толук камсыз болушкан”,-деп айтылат ССМнын билдирүүсүндө.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиргендей, Ош-Баткен унаа жолунун 123-чакырымында Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Түлкөг айылында аскер кызматкерлерин алып бара жаткан камаз оңго бурулуу учурунда курулуп жаткан объектини барып сүзгөн. Жыйынтыгында 28 аскер кызматкери ар түрдүү жаракат алышып, райондук ооруканага жеткирилген.

Иш аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий