• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайдагы Ак-Суу суусуна унаа түшүп кетти, ичинде эки адам болгон - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кадамжай районунун Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында “Lexus RХ-300” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ролду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, унаанын ичинде 2 эркек киши болгон, алар эч кандай жаракат алышкан эмес.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий