• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайдагы имамдар 3 айлык компьютердик курста окушууда

Аймак 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай райондук хатибиятынын демилгеси менен 25 имам 3 айлык компьютердик курска киришип, өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн арттырышууда.

“Учурда окуу курсунун башталгандыгына бир жума болду. Имамдарыбыз өтө кызыгуу менен окушуп, бардык программаларды үйрөнүүгө арекет кылып жатышат. Бул окуу курсу Кадамжай райондук хатибияты жана “Ансар тайп” менен биргеликте уюштурулуп жатат”,-деп билдирди хатибияттан.

Баткен шаарынын Таква мечитинин имамы Абдилаким ажы Сейдакматов Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин директору Маккамбаева Мавлюда Ташмуратова менен жолугушуп, балдардын тарбиясына көңүл буруу жана ата-энелер менен иштешүү жаатында пикир алышты. Жолугушуунун акырында Абдилаким ажы Сейдакматов мектеп жетекчисин келе жаткан улуу Рамазан айы менен куттуктап, орозо тууралуу китеп белек кылды.

Исфана шаарындагы Абдулло ибн Аббас Ислам институтунун мүдүрү Тыныбек Кудайбердиев “Жаш ФМ” радиосунда конокто болуп, "Адам жаны аманат "деген темада маек куруп берди. Түз эфирдик берүүдө Тыныбек Кудайбердиев адамдын жаны аманат экендигин айтып, Алла Таала тарабынан берилген аманат жанга аяр мамиле жасоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий