• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кадамжайдагы көмүр казуу кенинде бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.17./Кабар/. Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы № 5 көмүр казуу кенинде бир адам каза болду. Окуя кечээ, 6-декабрда болжол менен саат 10:00 чамасында болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

“1993-жылы туулган Курбанов Жээнбек Абдрахманович шахтага белине кур (трос) байлап түшүп бара жаткан учурда кур үзүлүп кетип 15 метр тереңдикке түшүп кетип каза болгон. Аны агасы алып чыгып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген. Учурда анын денеси Кызыл-Кыя шаардык өлүк сактоочу жайында”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий