• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайдагы мал базарда милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Кадамжай районунун Марказ айылындагы мал базарда милиция кызматкерлери калк арасында мал, чөнтөк уурулуктарын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул демилге милиция кызматкерлери тарабынан колго алынып, жергиликтүү ветеринардык врачтар менен биргеликте мал базарга келген малдардын биркалары текшерилди. Ошондой эле милиция кызматкерлери мал базарга келген малдардын кулагындагы биркалары жана жергиликтүү ветеринариядан алынган маалымдамасы болуусу керектигин эскертти.

Марказ айылдык милиция бөлүмчөсү тейлеген аймакта жыл башынан бери ийри мүйүздүү малдардын уурдоо боюнча 9 факты катталып,милиция кызматкерлери аркылуу табылып, өз ээсине кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий