• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжайдагы тойдо уулангандардын саны 108 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы тойдо уулангандардын саны 2-августка карата 108 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23ү ооруканага жаткырылган, анын ичинен экөө жаш балдар. Ал эми 85 адам амбулатордук дарыланууда, бирөө кичинекей бала.

"Уулангандардын абалы канааттандырарлык, реанимациялык блокко жаткырылган эки баланын абалы жакшырып, инфекциялык бөлүмгө өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий