• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайдагы тойканада уулангандардын саны 89 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 01.08.22 /Кабар/. 1-август саат 11:00гө карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Алмаз” тойканасында уулангандардын саны 89 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 16 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде алгач жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 бала бар.

“Жабырлануучуларга биринчи медициналык жана дезинтоксикациялык терапия көрсөтүлгөн соң, алардын абалдары жакшырган. Мындан тышкары, бейтаптардан анализдер алынып, текшерүүгө жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кадамжайда тойканада массалык уулануу катталганы, анда 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий