• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайдагы жол кырсыгы. Мектеп директоруна эскертүү берилип, мугалимдер иштен алынды

Аймак 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева – Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндө Өрүк-Зар айылындагы орто мектептин окуучуларынын катышуусунда болгон жол кырсыгына байланыштуу аппараттык кеңешме өттү.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кеңешменин жыйынтыгында “Өрүк-Зар” орто мектебинин директору А.Алимбаевге эскертүү берилип, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Калбаев, социалдык педагогдор А.Коргонова менен Г.Сабирова ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы иштен алынды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-июнунда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары Hyundai Porter унаасы менен жол кырсыгына кабылган.

Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасында сүрөткө түшүү үчүн бара жатышкан. Унааны 9-б-классынын жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо унаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.

Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий