• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайлык Эргешали Имаралиев Бишкекке кеткен боюнча 4 жылдан бери дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Тамаша айылынын 1968-жылы туулган Имаралиев Эргешали Нишанович аттуу тургуну изделүүдө.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Эргешали Имаралиев Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кеткен боюнча дайынсыз.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилери: бою 165-170 см., кашы жана көзү кара, ак жүздүү, орточо дене түзүлүштө, акыл-эси соо.

"Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса, анда төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий