• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Кадастр" ишканасынын Бишкек филиалынын директору жана орун басары иштен убактылуу четтетилди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана орун басары Мелис Кадырмамбетов жумуштан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, министр Аскарбек Жаныбеков "Кадастр" ишканасынын Бишкек филиалынын директорун жана орун басарын иштен алууну талап кылган митингчилер менен жолукту.

“Бүгүн 40тан ашуун жаран жашап жаткан жер тилкелерине кызыл китептерин көп убакыттан бери ала албай жаткандыгына байланыштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана орун басары Мелис Кадырмамбетовду жумуштан бошотуу талабы менен айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго кайрылышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр атайын комиссия түзүүнү жана нааразы болгон тараптан эки өкүлүн комиссиянын мүчөсү катары кошууну сунуштап, ошондой эле "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана орун басары Мелис Кадырмамбетовду жумуштан убактылуу четтетүү буйругун чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий