• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Кадастр» ишканасынын Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21 /Кабар/. «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-февралында УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалды.

Такталгандай, директор Т.А.К., жетектөөчү адис М.Р.А. менен жен учунан сүйлөшүп алышып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуп, жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды.

Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык суммага зыян келтирилген.

Ошондой эле УКМК М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат.

Кармалган Т.А.К. жана М.Р.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий