• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Араванда 450 миң сом пара талап кылган «Кадастр» мекемесинин кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды. Алар президент тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий