• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пара талап кылган. «Кадастрдын» Аламүдүн филиалынын кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук филиалынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти

Маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн К.П.К. аттуу КР жаранынан 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

2022-жылдын 3-августунда 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен мекеменин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к. Г. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий