• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кадр кызматы БАЭ менен мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын чыңдоо боюнча кызматташат

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Кечээ, 14-октябрда Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский онлайн форматында Бириккен Араб Эмирликтеринин премьер-министринин кеңсесинин долбоордук менеджери Унуд Аднан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Олег Тарбинский БАЭнин өкүлдөрү менен жылуу учурашып, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын окутуу тутуму жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде БАЭнин премьер-министринин кеңсесинин долбоордук менеджери Унуд Аднан Бириккен Араб Эмирлигинин кызматчыларынын окутуусунун методикасы жана тематикасы боюнча презентациясын тартууларды.

Тараптар кадрларды даярдоодогу кызматташтыкты чыңдоо, айрыкча Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына ар кандай темалар боюнча бир катар тренингдерди өткөрүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий