• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадр кызматы Улуттук кадрлар резервине конкурс жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик кадр кызматы КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине конкурс жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

КР Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө Жобого жана КР мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу Бакытбек Сагынбаев “КР мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине киргизүүгө конкурс өткөрүү жөнүндө” буйругуна кол койду.

Жогорудагы белгиленген буйрукка ылайык документ кабыл алуу 2020-жылдын 5-октябрынан 30-октябрына чейин жүргүзүлөт.

Улуттук кадрлар резерви “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башкы жана жогорку административдик кызмат орундарга талапкерлерден турат. Улуттук кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тестирлөө үчүн колдонулган ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

- жогорку административдик кызмат ордуна талапкерлер үчүн – 17 ченемдик укуктук акт;

- башкы административдик кызмат ордуна талапкерлер үчүн – 12 ченемдик укуктук акт.

Улуттук резервинде турган адамдарга берилген артыкчылыктар:

КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, конкурс биринчи кезекте ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлөт.

Улуттук резерв кызматка кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби менен кызмат орундарын ээлөөдө, ошондой эле саясий кызмат орундарына дайындоодо пайдаланылышы мүмкүн.

Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кесипкөй жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу максатында Улуттук резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

- документтерди кароо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;

- практикалык тапшырма;

- аңгемелешүү.

Иш стажына карата квалификациялык талаптар:

  • жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы;
  • башкы кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

- тиркемеге ылайык форма боюнча өзүнүн арызы;

- тиркемеге ылайык форма боюнча резюме, сүрөтү менен;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2020-жылдын 5-октябрынан 30-октябрына чейин.

Документтерди кагаз түрүндөй эле, электрондук вариантта да тапшыруу мүмкүн:

1. tandoo.gov.kg аркылуу.

Документтерди электрондук вариантта тапшырууда кыйынчылыктар пайда болгон учурда баардык маселелер боюнча төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: 62-19-43; 62-02-86 (МККнын электрондук башкаруу бөлүмү), (0312) 98-61-90 (+406) (Инфоком-Улук).

2. Кагаз вариантындагы документтерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын дарегине тапшырсаңыздар болот: Бишкек ш., Чүй пр., 122, 314-каб., (Панфилов көчөсү тарабынан) же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүктөрүнө тапшырсаңыздар болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: тел.: 0312 66 01 49; 66-02-31; 0312 66 01 39.

Сайт: www.mkk.gov.kg.

Пикир

Оставить комментарий