• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадрларды ротациялоо – чиновниктердин деңгээлин көтөрө турган тажрыйба

Аналитика 0

Өткөн жуманын аягында президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыгы чыкты, анын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат.

Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.

Кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында облустардагы район акимдерин ротациялоо чечими кабыл алынды. Ротация аймактык негизде жүргүзүлөт, башкача айтканда, мисалы республиканын түштүгүндөгү кадрлар түндүккө дайындалат, же тескерисинче. Мындай практика дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө колдонулуп келет жана натыйжалуулугун көрсөттү. Кадрлар үчүн тажрыйба алмашуу гана болбостон, тигил же бул аймактын өзгөчөлүктөрү менен да таанышат. Кыргызстандын мисалында, мындай ротация кадрлардын сапатын көтөрүп гана тим болбостон, калкты бириктирип, коррупциялык схемаларды азайтып, кызматтарга тартылган туугандардын санын азайта алат.

Ата мекендик эксперттер жана саясат таануучулар бул кадрлардын деңгээлин көтөрө турган туура жаңычылдык экенин белгилешүүдө. Аймактын жетекчисин алмаштыруу жакшы натыйжа берет жана мамлекеттин ичиндеги биримдикти бекемдейт деген пирики менен бөлүштү КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кеңешинин директору Бектурган Орозбаев. Ал ошондой эле бул аймактык башкарууда гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн жакшы тажрыйба болорун практика көргөздү деп кошумчалады.

“Мен бул демилгени колдойм. Биринчиден, акыркы убактарда аймактык органдардын жетекчилери ошол эле райондон же айылдардан чыккандар болуп калышты. Бул натыйжалуу башкарууга тоскоолдук кылат, бул менталитетке байланыштуу.

Мындай практика мамлекеттик кызматкерлер башка аймакка келгенде пландарды жана реформаларды жүзөгө ашырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт. Келген жерге ыңгайлашууга байланыштуу белгилүү кыйынчылыктар бар, бирок бул чоң тажрыйба. Акыркы убактарда аймактарга бөлүнүү жүрүп жатканын көрүп атабыз. Адамдар кыска ойлонушат. Жетекчилердин алмашуусу мындан арылууга жана башка райондордо тургундар кандай жашап жатканын көрсөтүүгө жардам берет. Муну өлкө боюнча колдонууга болот”, - деди Орозбаев.

Ал ишке ашырылган долбоорлордун ичинен Ысык-Көлдүн айыл өкмөтүнүн башчысы республиканын түштүгүндө кандай иштегендигин айтып берди.

“Мен жакында эле айыл өкмөтү менен маектештик, ал эң жакшы менеджер. Өзү Ысык-Көлдөн болот, көп инвестиция тарткан. Кийин аны түштүк аймакка – Ноокат районуна тартылып, башка райондо дагы тажрыйбасын көрсөттү көп инвестиция тарткан. Ал чындыгында эле түштүктө адамдар кандай жашашарын билген эмес, ага ушундай практика жагыптыр, өзү үчүн көп жаңычылдыктарды ачканын белгиледи. Мындай практика ал үчүн да, башкалар үчүн да чоң тажрыйба болду. Эми алган тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыргысы келет”, - деп кошумчалады Орозбаев.

Бектурган Орозбаев жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өз алдынчалуулугун күчөтүү зарыл деп белгиледи. Ал реформа жакшы болуш үчүн өнөктөштүк мамиле болуш керек деп эсептейт. Анын айтымында, көпчүлүк адамдар дагы деле эскиче ойлонушат. “Азыркы учурда биз бул нерседен алыстап кеттик. Ар кимдин өзүнүн бюджети болот, кадрлар жана финансы чектелүү болушу керек. Муну аягына чейин чыгаруу зарыл”, - деди эксперт.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыгы чыкты, анын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат.

Аталган жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.

Саясат таануучу Денис Бердаков бул кадам инфраструктуралык жана башкаруучулук сепаратизмге жакшы даба болот деп эсептейт.

“Бул көп жылдар бою артка жылдырылып келген позитивдүү башталыш. Биз ушул деңгээлдеги кызматкерлерди ротация кылбастан эле аймактардын байланыштары жөнүндө көп сөз кылып келебиз. Алар же коррупцияга аралашкан, же өнүгүү үчүн дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт. Аларда глобалдык көз караш жок. Ошондуктан азыр ротация болуп жатканы жакшы жышаан. Башкаруунун ушул деңгээлдеги кесипкөйлүгү болуп, тармак аз коррупциялашат. Ротациянын жогорулашы жана алардын деңгээли ишмердүүлүгүнөн көз каранды. Акимдер өлкө боюнча көйгөйлөрдү жакшыраак түшүнө башташат. Ошондой эле, бул аймактар үчүн да пайдалуу. Жаңы кызматкер өз жеринде иштебегендиктен натыйжа көрсөтүүгө аракет кылат”, - дейт Бердаков.

Ротациялоо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын чиновниктеринин деңгээлин олуттуу жогорулатуусу эң башкы фактор болуп саналат. Кадр жаңы жерде өзүн көрсөтүү менен бирге өзү үчүн дагы жаңычылдыктарды ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындай пикирин академик, легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев өлкөдөгү кадрларды ротациялоого байланыштуу комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кадрлар барын чечет деген чакырык чындыгында эле биздин реалдуулукка туура келип жатат. Академик СССР убагынан бери келе жаткан кадрларды тандоо жана даярдоонун натыйжалуу тутуму 30 жылда талкаланганын белгилейт.

“Биз коррупция менен күрөшүү тууралуу канча убакыттан бери айтып келгенибиз менен иш жүзүндө андай болбогонун көрүп келе жатабыз. Мисалы, мен Нарындан болом жана мени Нарындагы жетекчиликке дайындайт. Менин досторум, тааныштарым жана туугандарым айланамда турса кызыкчылыктардын кагылышуусу болбой койбойт. Албетте, мындайда ачык-айкын иштей албай калам, мен кааласам да, каалабасам да туугандарым жана тааныштарым жардам сурап кайрылышат. Бизде демократия, эркиндик жана башка ушул сыяктууларды айтканыбыз менен, туулган жерге болгон сүйүүбүз каныбызга сиңип калган, бул кадр саясатына абдан таасир этет”, - деди ал.

Ж. Акималиев президент Садыр Жапаровдун кадрларды ротациялоо жөнундөгү жарлыгы кадрларды даярдоо жана тандоону жакшыртып, коррупция жана кадрдык секириктердин деңгээлин төмөндөтөт деп кошумчалады.

“Мисалы, бир аймакта туулган адамды экинчи бир аймакка жетекчи кылып дайындоо ишти аткаруунун сапатына натыйжалуу таасир этет. Кадр жаңы орунда болот, аны ал жакта эч ким тааныбайт, анын ал жакта туугандары, тааныш-билиши, достору жана башкалары жок.

Башкача айтканда, кадр өз ишин эч кандай кынтыксыз аткарат”, - деп белгиледи ал.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий