• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадрлардын резервин толуктоо боюнча иш алып барган жоксуңар. Президент өкмөттүн жана министрликтин ишин сынга алды

Президент 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барбагандыгы үчүн өкмөттүн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сынга алды.

Белгилей кетсек, президент Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү мындан аркы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады.

undefined

Мамлекет башчысы өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин кийинки абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугунан улам сынга алып, калктын керектөөсүн так аныктоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бегиледи.

Акыркы күндөрү жарандарга алгачкы медициналык жардамдын, профилактикалык иш-чаралардын жоктугунан улам калк арасында паникага жол берилгендиги үчүн өкмөттү сындады.

«Силер кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барган жоксуңар жана кризис башталган кийин гана адистерди мобилизациялай баштадыңар», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

«Бүт дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселелердин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүүсүз», — деп белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу маселесине да токтолду.

«Дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылып жатканына жол берилбеши керек. Мындай чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр калктын саламаттыгы үчүн күрөш жүрүп жатканда кимдир бирөөнү аяй турган мезгил эмес. Медиктерге тамак-аш, медициналык жабдуулар, тез жардам машинасын сатып берем деген мекендештерибиз кайрылууда. Республикалык штаб ошол ыктыярчыларыбыздын башын бириктирип, сунушталып жаткан жардамды бюрократия кылбай кабыл алып, кайра элге ыкчам жеткирүү керек. Биздин элде алам дегенден берем дегендер көп экени кубандырат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала электигин баса белгилеп, бирок жер-жерлердеги жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керектигин эске салды.

Пикир

Оставить комментарий