• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадрлардын ротациясы - прогресстин талаптарына жооп берген кадимкидей көрүнүш – Жекшеев

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Жетекчи кадрлардын алмашуусу Совет мезгилинде калыптанып калган өнүгүүнүн талаптарына жооп бере турган кадимкидей көрүнүш. Бул тууралуу коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Ысык-Көл облусунун мурдагы өкүлү өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалышына байланыштуу өз пикирин айтып жатып билдирди.

Жекшеевдин айтуусу боюнча, элдер аймактык белгилер менен эмес, бирдиктүү эл болуп жашаш керектигин түшүнүүлөрү керек.

“Ротация керек. Анткени элдер аймактык белгилер менен эмес, бирдиктүү эл болуп жашаш керектигин түшүнүүлөрү керек. Ротация Совет мезгилинен бери салттуу түрдө калыптанып калган – бул кадимкидей көрүнүш. Көптөгөн түндүктүктөр түштүктө экономиканы көтөрүшкөн, ал эми түштүктүктөр түндүктө иштешкен. Биз бирдиктүү эл болуп жашашыбыз керек”, - деп баса белгиледи Жекшеев.

Коомдук ишмер кошумчалагандай, аталган дайындоолор президенттин Талас облусунда сүйлөгөн сөзүнө, саясатына жана убадаларына жооп берет.

“Кадрларды ротация кылуу тажрыйбасын колдонуп туруу керек, айрыкча жетекчилердин арасында”, -деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ, 24-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Жылкыбаев Узарбек Казиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Облустун мурдагы башчысы Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий