• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадыр Кошалиев: Жаңы Конституция улуттук каада-салтка жана калктын рухуна ылайык иштелип чыкты

Коом 0

Жаңы Конституция кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына, каада-салтын жана үрп-адатын сактоого багытталган көп беренелерди өзүнө камтыйт. Мындай пикирин Конституциялык кеңешменин мүчөсү, “Кыргыз жолу” бириккен руханий коомдун төрагасы Кадыр Кошалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү белгилегендей, жаңы Конституцияны иштеп чыгууга көптөгөн эксперттер, ар кайсы тармактын окумуштуулары, коомдук ишмерлер катышты.

“Көп күчтү талап кылган чоң иш аткарылды. Көптөгөн сунуш-пикирлер айтылды. Чечим кызуу талаш-тартыштын негизинде кабыл алынды. Кеңешменин эң башкы жетишкендиги – элдик бийликти түзүү болду. Жаңы Конституцияда деле мындан дагы кылдат изилдеп чыгууну талап кылган учурлары бар экенинде сөз жок, бирок жалпысынан бул ирет Конституцияга улуттук баалуулуктарды жаратуу жана сактоого багытталган беренелерди киргизүүгө мүмкүн болду”, - дейт ал.

Андан ары К. Кошалиев Элдик курултай институтуна токтолду. Анын айтымында, жаңы иштелип чыккан Конституцияда Элдик курултай мурдагыдан бир кыйла кеңейтилген түрдө көрсөтүлдү, бирок анын бир катар мумкүнчүлүктөрү мурдагыдай эле эске алынган жок. “Элдик курултай – бул элдин багыты. Анын мааниси элде бийликке түз таасир этүүнүн каражаты болуш керек дегенге барып такалат. Башкача айтканда, бул орган ооздуктоочу, андан дагы тагыраак айта турган болсок, бийликти бир колго топтоого каршы бөгөт болушу абзел. Биз Элдик курултайдын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын тизмесинде болсун, судьяларды тандоого катышсын деген сунушубузду айттык. Бирок бул учурлар өткөн жок”, - деди Кошалиев.

Ал ошондой эле Конституцияда адам укуктарына арналган беренелерге көп маани берилгендигин айтты.

“Ушак айткан учурда адам мыйзам тарабынан куугунтукталбашы керек деп кабыл алдык. Логикага сала турган болсок ушак айткан адам жоопкерчилик алыш керек да”, - деди ал.

Жыйынтыгында ал башкаруу формасы жана президенттин ыйгарым укуктары тууралуу ою менен бөлүштү.

“Жаңы Конституция боюнча бизде президенттик өлкө. Ушуга байланыштуу Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары өтө көп. Бирок бул укуктар жоопкерчилик менен коштолгон. Мына ушундай шартта токтотуучу күч катары Элдик курултай чыкмак”, - деди ал.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий