• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадыр түндү кантип тосуу керек?

Дүр дүйнө 0

Кадыр түн Аллах Таала тарабынан акыркы Пайгамбар Мухаммадга жана анын үммөтүнө берилген белек. Бул түндө аткарылган ибадат- миң күндүк ибадатка барабар. Кыргызстанда Кадыр түн бүгүн 11нен 12-июнга түнү тосулат. Бул тууралуу муфтияттан расмий билдирүү таратышты.

Пайгамбарыбыз айткан: Алла Таала кадыр түндү менин үммөтүмө ырайымдуулук кылып берген, мындан башка үммөттөргө берилген эмес”.

“Кадыр” деген сөз, Ислам Аалымдары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:

  1. “Өкүм түнү” – деген маани башкача айтканда Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин ажыратылган түнү деген маани билдирет. Бул жерде айтылып жаткан “тагдыр” эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусу болуп эсептелет.
  2. “Кадыр-барктуулук, улуулук”-деген мааниде.
  3. “Тардык, кысылуу”- деген мааниде. Мунун мааниси- бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылат. Кээ бир ислам аалымдарынын пикиринде, “кысылуунун” артында чоң жакшылыктар болот.

Кадыр түндүн убактысы: Кадыр түндүн так убактысы айтылган эмес. Исламда кээ бир маанилүү иштердин убактысы так көрсөтүлгөн эмес. Бул нерселер адамдар өздөрү аракет кылып ибадат кылсын үчүн жашырылып коюлган. Ошол сыяктуу эле кадыр кечеси да Рамазан айынын ичине жашырылган. Пайгамбарыбыз: “Кадыр кечесин рамазан айынын ичинен издегиле”, “Кадыр кечеси – рамазандын акыркы он күнүндө” деген сыяктуу хадистерди айткан.

Кадыр түндүн артыкчылыктары: Бул түндө жасалган ибадаттардын сообу- миң айлык ибадаттын сообуна барабар. Бул түнү Жабрайил (а.с.) баштаган периштелер жер бетине түшүп, таң атканча адамдарга салам-тынчтык тилеп турушат. Бул түнү кимде-ким ыклас менен ибадат кылса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Пайгамбарыбыз: “Кимде-ким кадыр түндү ишенүү менен сооп үмүт кылып өткөрсө, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” – деп айткан.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек:

  1. Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек;
  2. Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек;
  3. Көп дуба кылуу керек;
  4. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;
  5. Өткөн күнөөлөргө тооба кылуу керек;
  6. Аллахты зикир кылуу керек;
  7. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек.

Бул ыйык Кадыр түн баарыбызга тынчтык, ынтымак жана бакыт алып келүүсүн жараткандан тилейбиз!

Даярдаган: Сыйдалы кызы Магира

Пикир

Оставить комментарий