• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадырбаев: Конституциясы, Улуттук символикалары бар Кыргыз Республикасын дүйнө эли тааныды

Аймак 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Ош шаарынын тургундары!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү.

1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өлкөбүздүн Башкы мыйзамы болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган. Ошондон бери жыл сайын 5-Май Конституция күнү катары белгиленип келе жатат.

Конституциянын кабыл алынышы менен Эгемендүү, эркин, укуктук мамлекетти курууга, мамлекет менен жарандардын, коомдук бирикмелердин ортосундагы мамилелерди жаңыча түзүүгө негиз түзүп, дүйнөлүк шериктештиктин алкагында өлкөбүздүн өнүгүшүнө жол ачылды.

Жыйынтыгында өзүнүн Конституциясы, Улуттук символикалары бар Кыргыз Республкасын дүйнө эли тааныды. Бүгүн Кыргыз Республикасы Бирикен Улуттар Уюму баш болгон бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү, ондогон Эл аралык Конвенциялардын катышуучусу экендигине биз сыймыктанбай кое албайбыз.

Кыргыз Республикасынын Констититуциясы элибизге демократиялык принциптерге негизделген жолду тандап алууга, адам укугун сактоого, мамлекеттин саясий, коомдук, экономикалык жана социалдык тутумун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жол ачты. Ошол күндөн тартып Кыргызстан адам укугун жана эркиндигин сактаган, дүйнөлүк шериктештикте өз орду бар мамлекетке айлангандыгы биздин негизги жетишкендигибиз экендиги талашсыз.

Кыргыз Республикасынын Констититуциясы өлкөбүздүн бүгүнкүсүн, эртеңкисин жана келечегин аныктаган негизги укуктук таянычыбыз катары жолу ачык, келечеги кең фундамеенталдуу документ катары элибизге узак мезгилдерге чейин кызмат өтөй бере тургандыгына ишенич чоң.

Ошондуктан ар бир Кыргызстандык Конституциябызды ыйык сактоого, анны урматтоого жана укуктук мамлекеттин принциптерин коргоого милдеттүү экендигин унутпашыбыз керек. Анткени Конституциябыз Кыргызстандын мындан ары өнүгүшүнүн, анын бейпилдигинин жана бакубатчылыгынын кепили болуп эсептелет.

Конституциябыз бекем жана түбөлүктүү болсун!

Ал эми элибиз Конституциябызды ыйык тутуп, анын жолу менен бактылуу жашасын.

Пикир

Оставить комментарий