• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадырбаев КРнын улуттук дзюдо боюнча федерациясынын ыраазычылык каты жана төш белгиси менен сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаевди жана вице-президенти Улукбек Өмүрзаковду кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында Ош шаарында дзюдо боюнча спортчулардын жетишкендиктери жана аталган спорттун түрүнүн өнүгүшү туурасында сүйлөшүштү.

Ага улай Жолдошбек Көлбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге дзюдонун өнүгүшүнө кошкон салымы, спортчуларга болгон колдоосу үчүн КРнын улуттук дзюдо боюнча федерациясынын ыраазычылык катын жана төш белгисин тапшырды.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Ош шаарынын спортчулары аймактар аралык, республикалык жана эл аралык турнирлерге барып катышып, ийгиликтүү кайтып жатышат. Алардын катарын Дзюдо боюнча Азия чемпиондору Баяман Сагынбай уулу жана Айбек Кубанычбек улуу толуктайт.

Пикир

Оставить комментарий