• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында 517 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер эмгектенет

Аймак 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин куттуктоосунда мындай делет: "Сиздерди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери кесиптик майрамы менен Ош шаарынын мэриясынын, жалпы эле шаардыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Тарыхтын кайсыл гана мезгилин албайлы, мамлекеттин, элдин тагдыры, келечеги мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин уюштуруучулук жөндөмүнө, кесипкөйлүгүнө, алардын сапатына тыгыз байланыштуу экендигин көрөбүз.

Эгерде, кадрлар күчтүү, таланттуу, билимдүү болсо, ошол мамлекет өнүгөт, ошол элдин турмушу бакубат болот. Турмуштун сыноосунан өткөн бул тарыхый чындык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүзүн көрсөтүп турат десек болот.

Ошондон улам Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын коомдогу ордун жана ролун эске алып, 2002-жылдын 20-декабрында 23-июнду Мамлекеттик кызматкерлердин күнү катары белгилөө чечимин кабыл алгандыгын өзүңүздөр жакшы билесиздер. Ошол күндөн бери жыл сайын 23-июнь күнү мамлеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеситик майрамы салтанаттуу белгиленип келе жатат.

Бүгүнкү күндө шаар боюнча 517 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 2 кызматкер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кеңешчиси, 1 кызматкер илимдин кандитаты. Негизинен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин басымдуу бөлүгү тажрыйбалуу, өз кесибин мыкты өздөштүрүшкөн кесипкөй, элдин ишенимине ээ болгон татыктуу кызматкерлер.

Соңку жылдарда кадрлардын сапатына, кесиптик даярдыгына өзгөчө басым жасалып, конкурстук тандап алууга көңүл бурулуп жатат. Алардын арасында өз кесибин мыкты өздөштүрүшкөн кесипкөй, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштар көп экендиги бизди кубандырат. Буюрса, жакынкы келечекте алардын арасынан элдин ишенимин актай ала турган татыктуу кадрлардын чыгарына ишенич чоң.

Өз кезегинде Ош шаарынын мэриясы мындай кадрларды тарбиялоого өзгөчө маани берүүнү өз ишмердигинин артыкчылык берилген багыты катары карап келе жаткандыгын өзүңүздөр билесиздер.

Кесиптик майрам күнү дайыма кесип ээлерине жакшы каалоолор, тилектер айтылат. Мен шаар башчысы катары гана эмес, муниципалдык кызматкердин кесибин аркалаган инсан катары да бул салттан жазбай кесиптештериме бүгүнкү майрам күнү ак ниетимен чыккан каалоолорумду билдирип кетким келет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин аты улук. Бул атка ээ болуш үчүн талыкпай эмгектенүү, тынымсыз изденүү, көп окуп, көптү билүүгө аракеттенүү, ошол эле учурда өзүнүн таза жүрүм-туруму, чынчылдыгы, туруктуулугу, чыдамкайлыгы менен тандап алган кесибинин кадыр-баркы, аброю үчүн баардыгына даяр туруу керек. Ошондо гана элдин керегине жараган, урмат-сыйына ээ болгон мыкты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катары чыга келет.

Ишиңиздер ийгиликтүү, ден-соолугуңуздар бекем болсун.

Үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалайм".

Пикир

Оставить комментарий