• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадырбек кызы Нуркыз Ош облусунун жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Кадырбек кызы Нуркыз өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буйрукка Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов кол койду.

Белгилей кетсек, Кадырбеков кызы Нуркыз 2018-жылдан бери облустагы өкүлдүн маалымат кызматын жетектеп келген.

Кадырбек кызы Нуркыз — 1978-жылы 5-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. 1996-жылы мектепти артыкчылык менен аяктаган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын энеси.

2001-жылы ОшМУнун филология, 2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук таануу факультетин артыкчылык менен аяктап, 2015-жылы КР президентине караштуу башкаруу Академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистрлик ишин коргогон. 2015-жылы АКШдан мамлекеттик департаментинин “Саясаттагы лидер айымдар” мектебинин окуп кайткан.

2001-жылы ОшМУда окутуучу, 2002–2009-жылы тарбия иштери, сырткы байланыштар боюнча декандын орун басары болуп иштеген.

2000-жылдан бери “ЭлТР” КТРКсында эмгектенип, 2009-2014-жылдары маданий-музыкалык көрсөтүүлө бөлүмүндө продюсер катары эмгектенип, жападан жалгыз мамлекеттик тил тууралуу «Тилибиз-тирегибиз”, мамлекеттик баалуулуктарды ар тараптуу даңазалоочу «Арыба, Ата журт!» “Ишембиде кечинде”, “Асылзат” телепрограммаларынын автору жана алып баруучусу катары таанылган.

2009-2010-жылдары КР президенине караштуу жаштардын Ош облустук мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары катары тил жаатында эмгектенген.

2011- жылдан бери “Республикалык “Кыргыз тили” коомунун” түштү аймагы боюнча жетекчиси, вице- президенти.

2010- 2012-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.

2012-жылы Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын эң жаш депутаты болуп шайланып, социалдык тармакта айтарлык демилге иштери менен оозго алынды.

2015-жылы “Асылзат” айымдар коомунун президенти болуп шайланган.

2015-2017-жылдары “7-канал” ТРКсынын Ош өкүлчүлүгүн жетектеген.

2017-2018- жылы жеке компанияда юрист болуп эмгектенген.

2018-жылдын декабрь айынан бери КРдин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы.

2019-жылдан бери Кыргызстан аялдар кеңешинин Ош облустук бөлүмүнүн төрайымы. Мамлекеттик кызматтын 3- класстагы кеңешчиси.

Пикир

Оставить комментарий