• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадырбеков КМШга мүчө мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешинин жыйынына катышты

Маданият 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков КМШга мүчө мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешинин жыйынына катышты.

Отурумга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Молдова, Россия жана Өзбекстандын Кеңештеринин мүчөлөрү, ошондой эле Эл аралык Дельфий комитетинин жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышкан.

Жыйында Кадырбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташуу кеңеши жалпы көйгөйлөрдү талкуулоо жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн уникалдуу аянтча болуп калгандыгын белгилеген.

"Кадырбеков Кыргызстан тарап, КМШга мүчө мамлекеттерде 2016-2020-жылдарга маданият чөйрөсүндөгү негизги саамалыктар катары киргизилген иш-чаралар жөнүндө кеңири айтып берди. Алар - Дүйнө элдеринин эпосторунун Бүткүл дүйнөлүк фестивалы, Эл аралык кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" фестивалы, Эл аралык "ART-ORDO" театр фестивалы, Б. Миңжилкиев атындагы вокалисттердин эл аралык сынагы, Б. Миңжилкиев атындагы опера искусствосунун эл аралык фестивалы, КМШга мүчө мамлекеттердин жаш сүрөтчүлөрүнүн жайкы лагери жана башка иш-чаралар", - деп билдирет министрлик.

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн маданий кызматташтыгын чыңдоо боюнча эң бир катар маселелер каралган:

- Өзбекстан Республикасында маданият жаатындагы мамлекеттик саясат;

- 2016-2020-жылдарга Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маданият жаатындагы кызматташтыгынын негизги иш-чараларынын жүрүшү жана 2021-2025-жылдарга маданият тармагындагы кызматташтыгынын негизги чараларын уюштуруу;

- Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Элдик чыгармачылык жана маданий мурастар жылына арналган иш-чаралардын Планынын долбоорун даярдоо;

- 2020-2022-жылдары Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин "ART EXPO" эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү;

- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата КМШга мүчө мамлекеттердин маданият тармагындагы иш-чаралар;

- 2020-жылы Казакстан Республикасында "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын (Шымкент) ишке ашыруунун жүрүшү жана 2021-жылы Тажикстан Республикасында (Душанбе) ишке ашырууга даярдык көрүү жөнүндө;

- Музей иши жаатында КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;
- КМШга мүчө мамлекеттердин Виртуалдык маданий мурастар музейи жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун иши жөнүндө;

- Месроп Маштоц "Матенадаран" атындагы Байыркы кол жазмалар илимий изилдөө институтунун кол жазмаларды калыбына келтирүү, консервациялоо жана санариптештирүү боюнча иштин тажрыйбасы жөнүндө КМШга мүчө мамлекеттердин жазуу мурастарын сактоо жана калыбына келтирүү жаатында кызматташуу боюнча;

- КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташуу боюнча кеңешинин ХХХVI жыйынын өткөрүү жөнүндө;

- КМШга мүчө мамлекеттердин искусство университеттеринин эл аралык кызматташтыгы;

- Өзбекстан Республикасынын улуттук маданиятты сактоо жана жайылтуу жана эл аралык фестивалдарды өткөрүү тажрыйбасы жөнүндө;

- 2019-жылдын 18-19-сентябрында КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык боюнча кеңешинин отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө;

- 2019-жылы Беларусь Республикасында "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу жөнүндө;

- КМШ өлкөлөрүнүн жетишкендиктери жана ийгиликтери, Шериктештиктин калыптануу жана өнүгүү тарыхындагы маанилүү учурлар жөнүндө документалдуу фильмдердин сериясын биргелешип даярдоо.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кеңеш мамлекеттердин ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, КМШга мүчө 12 мамлекеттин өкмөт башчылары кол койгон "КМШга мүчө мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" 1995-жылдын 26-майындагы макулдашууга ылайык түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий