• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадыркулов: Быйыл "Түндүк электр" ААКсы 60 миңден ашык "акылдуу эсептегич" орнотот

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Быйыл "Түндүк электр" ААКсы 60 миңден ашык "акылдуу эсептегич" орнотууну пландап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Түндүк электр" ААКсынын башкы директору Искендер Кадыркулов билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата алар тарабынан 200 миң абонентке "акылдуу эсептегич" коюлган.

"Быйылкы жылы 60 миңден ашык "акылдуу эсептегич" орнотобуз. Аны менен бирге өзүн-өзү кармап туруучу 750 чакырым аба чубалгысы тартылат. 15 миңге жакын жыгач мамылар которулат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий