• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадыров Чеченстандын башчысын "алмаштырууга мезгил жетти" деп эсептейт

Дүйнө 0

Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров «Россия 1» каналынын «Действующие лица» программасына берген маегинде отставкага кетүүсүнө мезгил жетти деп эсептей турганын билдирди.

«Бул менин кыялым десем да болот. Аймактын жетекчиси катары эл үчүн, республика үчүн Жаранткандын алдында, мамлекет башчысынын алдында, калктын алдында жоопкерчилик алуу – бул өтө оор. Себеби ар бир ката үчүн бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жооп бересиң», – деди Кадыров.

«Андыктан чарчаганыман кызмат кылгым келбейт деп айта албайм. Убакыт келди деп эсептейм. Убагында согуша турган, тартипти калыбына келтире турган мен сыяктуу адамдар керек болгон. Азыр коомдо, Орусияда тартип, түшүнүү, сый бар. Мен Чечен Русубликасында да өзгөрүүлөрдү жасоого убакыт жетти деп эсептейм», – деп белгиледи ал.

Кадыров бийликти мураскерге өткөрүп берүү - элдин жана мамлекет башчынын маселеси экенин билдирди.

Ал саясаттан кеткенден кийин эмне иш менен алектенерин ачыктаган жок. Кадыров 2016-жылы эле ыйгарым укуктары бүтүп баратканына байланыштуу отставкага кетүүнү каалап жатканын айткан. Ал Чечен Республикасын 2007-жылдан бери жетектейт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий