• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад мэриясына өткөн бала бакчасын оңдоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад шаардык мэриясына өткөн бала бакчасын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакча Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан. Имарат эки кабаттан турат.

Аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 7 млн 700 миң сом сарпталат. Бала бакча 150 орунга ылайыкташып, ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилери пландалган.

Учурда бала бакчанын терезелерин алмаштыруу жумушу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий