• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кафе, күркө, тосмо. Шаарда дагы эмнелер алынды?

Коом 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз тургузулган объекттерди алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Ак-Тилек конушундагы Ак-Шоокум көчөсүнүн оңдоо иштерине байланыштуу ишке тоскоолдук кылган 13 үйдөн темир, кыштан тургузулган тосмолору алынган.

"Берекет Гранд" соода-эс алуу комплексинин жанында темир тосмолор алынып, 647 м2 жер бошотулган.

Садыгалиев менен Волкова көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган "Туура-Булак" кафеси да түрттүрүлүп, жалпы 625 м2 жер бошотулган. Ал кафе 2010-жылдан бери уруксат кагаздары жок иштеп келген.

Чыгыш-5 кичи районунда жаңы сейил бакты куруу үчүн 9 объект алынып, 432 м2 муниципалдык жер бошотулган.

Ушундай эле иштер Д.Асанов атындагы сейил бакта, "Көк-Жар" кичи районунда жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий