• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кафе-ресторандар ишин толук кандуу өлкөдөгү киргизилген режимдердин бардыгы алынгандан кийин уланта алат - Арсандиев

Коом 0


Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кафе, ресторандарга бүгүнкү күнгө карата буюртма алып, жеткирүүгө гана уруксат берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, кафе, ресторандардын толук кандуу иштешине уруксат өлкөдө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдар режимдери толук алынгандан кийин берилет. “Себеби, кафе-ресторандарда инфекцияга байланыштуу чон тобокелчиликтер бар”, - деп кошумчалады Асрандиев.

“Ал эми базарлар тууралуу айтып кетсек, бүгүнкү күндө азык-түлүк саткан соодагерлер өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн уланта алат. Ал эми калган базарлар 20-майдан тарта иштей баштайт. Анткени, базарларда эл көп топтолот, чоң базарлар тууралуу айтсак, ал жакка Бишкек шаарынан гана эмес, башка облустардан да жарандар келет. Эгер облустардын ортосунда келип-кетүү арбын болсо, бул да илдеттин жайылышына таасир этет. Ошондуктан базарлардын иши азырынча токтоп турушу керек”, - баса белгиледи вице-премьер министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий