• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кафе, ресторандарда эл чогулганын көрсөңүз дароо чалыңыз - байланыш телефондору

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Эгер сиз ресторан, кафе жана оюн-зоок борборлорунан көп чогулган адамдарды (50 адамдан көп) көрүп калсаңыз, ошол жайлардын аталыштарын жана даректерин фото/видео аркылуу Ички иштер министрлигинин ыкчам телефон номерлерине жөнөтүүңүздү өтүнөбүз. Бул тууралуу Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабынан билдиришти.

Ал үчүн (0312) 66-36-18 телефон номерине же (0701) 02-70-25 WhatsApp номерине кайрылуу керек.

Эскертебиз, Кыргызстанда 50 адамдан ашык катышкан ар кандай массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Мындай чаралар КРнын өкмөтүнүн жана республикалык штабдын чечими менен коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында өткөрүлүп жатат. Бардык көрсөтүлгөн тыюулар сакталышы керек, тыюуну бузгандарга катуу чаралар көрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келген жактарга VI категориядагы айып салынат же белгилүү бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесине ылайык VI категориядагы айыптын көлөмү жашы жете электер үчүн – 1200дөн 1400гө чейинки эсептик көрсөткүч, башка физикалык жактар үчүн – 2600дөн 3000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөр.

Пикир

Оставить комментарий