• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кафеден балтаны "уурдады" деп айтылган милиция кызматкери балтаны сурап алган

Коом 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Кафеден балтаны "уурдады" деп айтылган милиция кызматкери балтаны ээсинен сурап алган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ал балтаны алып жаткан учур видеого түшүп калган.

Шаардык милициянын билдиргени боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталгандай, бул видео Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын жыйыны өтүп, милиция кызматкерлери коноктордун жана жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөл жүргүзүп жаткан маалда тартылган. Ал күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жолдордун боюнда күнү-түнү күзөттө турган.

Ошол кызмат өтөө учурунда милиция кызматкерлери жолдун боюнда жайгашкан кафе ээсине кайрылып, отун жаруу үчүн балта жана тамак жылытып алууну суранышкан. Кафе ээси макул болуп, шаймандар турган жерге барып балтаны алууга уруксат берген. Милиция кызматкери балтаны тапкандан кийин элдерди жана кафенин конокторун чочутпаш үчүн аны жеңине катып алып чыккан.

“Бир аз убакыттан кийин кызматкер балтаны алып келип берген. Кафенин жетекчиси милиция кызматкерине кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, кандайдыр бир жардам керек болсо кайрыла аларын айткан”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий