• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайгуул кызматкерлери аймактарга каттаган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынан башка аймактарга каттаган такси айдоочулары арасында жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кайгуул кызматкерлери Ош базары, Аламүдүн базары, Чыгыш жана Батыш автобекеттериндеги “Бишкек-Казарман”, “Бишкек-Токтогул”, “Бишкек-Талас”, “Бишкек-Нарын”, “Бишкек-Токмок”, “Бишкек-Кара-Көл” жана “Ош-Бишкек” каттамдары боюнча каттаган такси айдоочулары менен жеринен жолугуп, жол кырсыктарын алдын алуу, аларга жол бербөө, жол эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзгөн.

Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга узак жолдон келгенден кийин бир күн эс алып, андан кийин кайра каттамга чыгуу керектигин, аны менен бирге жолго чыгардын алдында унаанын оң абалда экенин текшерип, кыш мезгили келип калгандыктан жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөнгөлөктөргө алмаштыруу керектигин эскертишкен.

Пикир

Оставить комментарий