• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кайгуул кызматкерлери көчөлөрдү оңдоо иштерине байланыштуу жол тыгынын алдын алууда

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарынын аймагында 36 көчө оңдоп түзөө үчүн убактылуу жабык экендигин эскертет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында 36 көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан көчөлөр убактылуу жабык.

"Учурда шаардын аймагында 36 көчөдө оңдоо иштерине тиешелүү техникалар тартылып, жолдор кеңейтилип, жаңы асфальттар төшөлүп жатат. Айрыкча Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып Кулатова көчөсүнө чейинки бөлүгү толук жабык экенине байланыштуу ага жакын көчөлөрдө узун жол тыгыны пайда болууда. Ошондуктан айдоочулардан баруучу жайларга алдын ала пландоо менен альтернативдик жоллду тандап алууну эскертебиз",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Милициянын кайгуул кызматкерлери жол тыгыны пайда болгон көчөлөрдүн кесилишинде кол менен жаңсап (ручной регулировка) жол тыгынын алдын алууда

Пикир

Оставить комментарий